Меню
Эл-Сөздүк

КАНАТТУУ КАБАРЧЫ

КАНАТТУУ КАБАРЧЫ — фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган каткабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт. Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.
С. Алиев

Примеры переводов: КАНАТТУУ КАБАРЧЫ

Кыргызский Русский
кабарчы корреспондент
канаттуу птица
• Кабарчы муну канчалык деңгээлде билет? | Как репортер знают это?
Ар кандай кабарчы өз материалын текшертүүгө милдеттүү. Каждый писатель должен пересмотреть свою собственную копию.
Кабарчы өзү билген маалымат автору көрсөтүлбөстөн бериле берет. Информация о том, что репортер наблюдать непосредственно можно констатировать, не показывая автору.
Жакшы кабарчы өзү баяндай турган окуя үчүн эң ылайыктуу форманы тандап алат. Хорошо писателем выбрать наиболее подходящую форму для истории он говорит.
Эгер жаңы тест тезирээк жасала турган болсо, кабарчы ошого басым жасашы керек. Если новый тест является лишь быстрее, репортер должен сказать об этом.
Кабардын аяк жагында кабарчы окуядагы жеке образга кайрылуу менен баянды жыйынтыктайт. Ближе к концу, репортер вернется к истории отдельного персонажа как способ заключения рассказ.
Продюсерлер кабарды карап көрүп, тезисти жазар алдында кабарчы менен акылдашууга тийиш. Производители должны смотреть историю и поговорить с репортером, прежде чем писать диссертацию.
Мында кабарчы аудиторияга анын баарын эмес, маанилүү нерселерди гана баяндап бериши керек. Зрители зависит от журналиста, чтобы сказать им только то, что важно, не все, что происходило в хронологическом порядке.
Кабарчы үчүн эң маанилүү нерсе материалды жазар алдында окуянын өзөгүн аныктап алуу болуп эсептелет. Самое главное для репортер решили на фокус для истории, прежде чем сесть писать.
Цифралар кайра-кайра текшерүүдөн өткөн соң кабарчы аларды кабарда кантип колдонуу жагын чечиши керек. После того, как номера были проверены и перепроверены, репортер должен решить, как использовать их в истории.
Бул форманы пайдаланган кабарчы кыска баян менен баштайт да, андагы образ аркылуу окуянын маңызын сүрөттөйт. Репортер, используя эту структуру будет начинаться с анекдота, представляя символ чей опыт иллюстрирует то, что история это все о.
Цитаталарды же үн фрагменттерин обу жок эле катарынан тизе берген кабарчы көбүнчө иштин оңоюна качырган болот. Репортеры, которые просто строка котировки или звуковые фрагменты вместе часто принимают ленивый выход.
Эгерде негизги маселе ачык болбосо, редактор калпыс же туура эмес ат коюудан мурда кабарчы менен кеңешүүсү кажет. Если главное не является очевидным, редактор должен проконсультироваться с репортером, а не догадки и рисковать печати заголовок.
Бирөөнү жөн гана узун бойлуу деп айтуунун ордуна, мыкты кабарчы ал кишинин эшиктен эңкейип киргенин сүрөттөп жазат. Вместо того чтобы просто говорю, что человек высокого роста, хороший писатель хотел бы упомянуть, что он должен опускаться, чтобы войти в переднюю дверь.
Эгер материал жакшы чыкпай калса, редактор же продюсер кабарчы менен биргелешип иштөө менен аны оңдогудай болуш керек. Если история не дотягивает, редактор или производитель должен иметь возможность работать с репортером, чтобы улучшить конечный продукт.
Мисалы, футбол мелдешинде кайсы команда жеңгенин кабарчы атрибуциясыз эле айта алат, анткени оюн эсеби эч кандай шек туудурбайт. Например, репортер мог сказать, какая команда выиграла футбольный матч без указания авторства, потому что окончательная оценка будет не вызывает сомнений.
Машыктыруучу редактор кабарчы менен ал кабар бөлүмүнөн чыгып баратканда же келип, кабар жазууга киришерден мурда сүйлөшүүгө тийиш. Коучинг редактор будет говорить с репортерами, прежде чем они покинут отдел новостей или возвращение, прежде чем они начнут писать.
Кабарчы бул маалыматты төмөнкүдөй бериши мүмкүн: «Мэрдин айтымында, кеминде бир жумадан кийин элге шаар фондунан акча берилиши мүмкүн». В этом случае, репортер мог бы написать: "Это будет по крайней мере за неделю до люди могут рассчитывать на получение денег от города по словам мэра".

Примеры переводов: КАНАТТУУ КАБАРЧЫ

Кыргызский Английский
кабарчы correspondent
канаттуу bird
• Кабарчы муну канчалык деңгээлде билет? ♦ How does the reporter know this?
Ар кандай кабарчы өз материалын текшертүүгө милдеттүү. Every writer should revising his own copy.
Кабарчы өзү билген маалымат автору көрсөтүлбөстөн бериле берет. Information that a reporter observed directly can be stated without showing to the author.
Жакшы кабарчы өзү баяндай турган окуя үчүн эң ылайыктуу форманы тандап алат. Good writer choose the most suitable shape for the story he is telling.
Эгер жаңы тест тезирээк жасала турган болсо, кабарчы ошого басым жасашы керек. If the new test is merely faster, the reporter should say so.
Кабардын аяк жагында кабарчы окуядагы жеке образга кайрылуу менен баянды жыйынтыктайт. Toward the end, the reporter would return to the individual character's story as a way of concluding the narrative.
Продюсерлер кабарды карап көрүп, тезисти жазар алдында кабарчы менен акылдашууга тийиш. Producers must watch the story and talk to the reporter before writing a thesis.
Мында кабарчы аудиторияга анын баарын эмес, маанилүү нерселерди гана баяндап бериши керек. The audience depends on the journalist to tell them only what's important, not everything that happened in chronological order.
Кабарчы үчүн эң маанилүү нерсе материалды жазар алдында окуянын өзөгүн аныктап алуу болуп эсептелет. The most important thing is for the reporter to have decided on a focus for the story before sitting down to write.
Цифралар кайра-кайра текшерүүдөн өткөн соң кабарчы аларды кабарда кантип колдонуу жагын чечиши керек. Once the numbers have been checked and rechecked, the reporter has to decide how to use them in a story.
Бул форманы пайдаланган кабарчы кыска баян менен баштайт да, андагы образ аркылуу окуянын маңызын сүрөттөйт. A reporter using this structure would begin with an anecdote, introducing a character whose experience illustrates what the story is all about.
Цитаталарды же үн фрагменттерин обу жок эле катарынан тизе берген кабарчы көбүнчө иштин оңоюна качырган болот. Reporters who simply string quotes or sound bites together often are taking the lazy way out.
Эгерде негизги маселе ачык болбосо, редактор калпыс же туура эмес ат коюудан мурда кабарчы менен кеңешүүсү кажет. If the main point is not obvious, the editor should consult with the reporter rather than guess and risk printing a headline.
Бирөөнү жөн гана узун бойлуу деп айтуунун ордуна, мыкты кабарчы ал кишинин эшиктен эңкейип киргенин сүрөттөп жазат. Instead of just telling that a person is tall, a good writer would mention that he has to stoop to enter the front door.
Эгер материал жакшы чыкпай калса, редактор же продюсер кабарчы менен биргелешип иштөө менен аны оңдогудай болуш керек. If a story falls short, the editor or producer must be able to work with the reporter to improve the final product.
Мисалы, футбол мелдешинде кайсы команда жеңгенин кабарчы атрибуциясыз эле айта алат, анткени оюн эсеби эч кандай шек туудурбайт. For example, a reporter could say which team won a soccer match without attribution because the final score would not be in doubt.
Машыктыруучу редактор кабарчы менен ал кабар бөлүмүнөн чыгып баратканда же келип, кабар жазууга киришерден мурда сүйлөшүүгө тийиш. A coaching editor will talk to reporters before they leave the newsroom or return, before they begin to write.
Кабарчы бул маалыматты төмөнкүдөй бериши мүмкүн: «Мэрдин айтымында, кеминде бир жумадан кийин элге шаар фондунан акча берилиши мүмкүн». In this case, the reporter might have written, "It will be at least a week before people can expect to get any money from the city according to the mayor."

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: